Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун акыркы жобосу келээрки айда кабыл алынат. 4-мартта Стамбул шаарында дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катыша турган өлкөлөрдүн спорт министрлери биргелешип, иш чарага даярдык толук түрдө бекитилет.
POST1RIGHT
Унутулуп бараткан көчмөндөрдүн улуттук оюндары түрк тилдүү мамлекеттердин баарысында эле бар.
Бирок, аларда тиешелүү деңгээлде колго алынган эмес. Андыктан көчмөндөр оюнунун негизги максаты аларды жаңы баскычка көтөрүү менен Ысык-Көлдүн туристтик потенциалын мындан ары дагы жогорулатуу.
Серепчилер белгилегендей, Кыргызстан экинчи ирээт көчмөндөр оюнун өткөрүү менен, ушундай маданий-спорттук ири иш-чараларды өткөрө ала турган мамлекет катары таанылып, кылым карыткан маданиятын даңазалай алат.
Көчмөн элинин цивилизациясы деги эле иш чаранын максаты тууралуу кабарчыбыз Айжан Омолдошова кененирээк токтолот.