Аксы районунда “Өзгөчө кырдаал” режими жарыяланды
Новость

POST1RIGHT

Аксы районуна “Өзгөчө кырдаалдар” режими кирип, ӨКМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш аткарышууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 11-12-май күндөрү күндүн катуу ысый баштаганына байланыштуу, тоолордогу карлар ээрип, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылы аркылуу агып өткөн Авлетим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, 17 жерден ашып кетүү коркунучу пайда болгон. Бул жагдай Байкашка-Терек айылында 36 турак-жайга, Арал айылында 43 турак-жайга кооптуулук жараткан.

Ошондой эле, Товар-Сай айылынын Чоң-Таш участкасында Авлетим дарыясына салынган 67 кожолукту тейлеген ички чарбалык автоунаа көпүрөөсүнүн оң тарабын суу жей баштаган.