Эл өкүлдөрү калпак күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнү сунуштоодо
Новость foto: ktrk.kg

Ак  калпак  күнүн  жогорку деңгээлде өткөрүүнү  Жогорку Кеңештин “ар кандай  маселелер” саатында   “Өнүгүу-Прогресс” фракциясынын депутаты  Тазабек  Икрамов сунуштады.  

Анын айтуусунда,  тарых  жылына  карата  ар бир дубанда  бул күндү жалпы өткөрүү зарыл. Эл өкүлү ошондой эле  улуттук баш кийимди баалап-барктоого чакырды.   

POST1RIGHT Эске салсак,   5-март – Кыргызстанда  Ак калпак күнү  белгиленет.  Бул саамалык  2011-жылы  демилгеленген.  Бул күнү бардык каалоочуулар ак калпак кийишет.

Кошумчалай кетсек, учурда  парламенттин жалпы жыйыны өтүп жатат. Күн тартибине ылайык эл өкулдөру “Ак кандай ” маселелер саатында  жарыш сөзгө чыгып, Өкмөттүн   өкулүнө  калктын көйгөй  суроолорун берүүдө.