Белгилүү кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков америкалык опера ырчысы Николете Раллистин колун кармап, үй-булө курду.
Белгилей кетсек, Азамат Сыдыковдун талантын бир гана кыргыз журтчулугу эмес, дүйнө эли эң мыкты пианист катары тааныйт. Ал 2009-жылы Италияда өткөн беделдүү пианисттер арасындагы Корато-Бари эл аралык сынагында бир нече наамдар боюнча биринчи орунду алып, «Камердик-ваколдык музыка» наамында Гран-прини жеңип, Алтын кубок жана Алтын сыйлоо баракчасына ээ болгон.
Музыкага шыгы бар таланттуу эки элдин жаштары, эки өлкөнүн ынтымагын дагы да чындашты!