3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү. Бул дата майрам катары Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1993-жылы бекитилген.
Дүйнөдөгү демократиянын абалына байкоо салган "Фридом Хаус" эл аралык уюмунун акыркы баяндамасына ылайык, жер шарындагы элдин 13 пайызы гана маалымат каражаттары эркин өлкөлөрдө жашайт.