ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Новость

Өлкөдө тамчылатып сугарууну жайылтуу кайрак жана тоо этегиндеги сугат суу жетпеген жерлерди өздөштүрүүгө түрткү берет. Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арага жакын алты айылдагы фермерлер, жемиш бактарын тамчылатып сугарууга өттү. Чоргону ачсаң болду, суу кенен жерде өсүп жаткан ар бир көчөттүн түбүнө чейин жетет. Багбандык ишти жаңы колго алган Чынгыз Байботоев бир нече жылдан кийин чоң өрүк бакка айланчу 1 гектар аянтты тамчылатып сугарууда. 

Тамчылатып сугаруунун өзгөчөлүгү, суу өсүмдүктүн тамырына түз барып, аккан суунун көлөмү көзөмөлгө алынат. Нымдуулук акырындык менен тарап, абрикостун багы бир суткада эки чака сууну сиңирет. Мындай ыкма суу менен кошо жер семирткичти дагы үнөмдөөгө алып келет. Фермерлер эрте түшүм алып, жер кыртышы бузулуудан сакталат.

Адистердин ырасташынча, тамчылатып сугаруу аркылуу көптөгөн маселе жоюлат. Заманбап ыкма сугат суу тартыштыгын чечип, эң башкысы жаңы жерлерди иштетүүгө жардам берет. Союз ыдырап, колхоз-совхоз карамагындагы жерлер элет элине жеке менчике берилген.. Бирок көпчүлүгү суунун тартыштыгынан жана ирригациялык системанын талкаланышынан улам, үлүш жерин иштетүүгө шайы келбей таштап, иш издеп кеткендери да болгон. Фермер Чынгыз Шаботоев дагы Россияда 12 жыл эмгектенип келген. Ал мекенине келип бак тигип, мал-жандык кармап, бизнеске киришкен.