Кыргызстан сөз эркиндиги эркин өлкөлөрдүн катарында
Новость

POST1RIGHT

Кыргызстан кайрадан Борбор Азиядагы эң эркин өлкөлөрдүн катарына кирди. Күн мурун "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун жылдык баяндамасы жарык көрдү. Бул 2002-жылдан бери жыл сайын жарыяланып келаткан массалык маалымат каражаттарынын рейтинги болуп эсептелет. 

Аны түзүүдө эң башкы критерийлер маалыматты бир тараптуу чагылдырбоо, көз карандысыз маалымат каражаттарынын саны, мыйзамдык чектөөлөр, ачык айкындуулук, цензуранын деңгээли сыяктуу бир топ себептер каралат.