Акын, журналист, "Маданияттын мыкты кызматкери" Жылдызбек Турсунбаев менен Керемет Сабыржанова "Замандаш" программасында маектешкен.
Каарман жөнүндө кыскача:
Толук аты-жөнү – Турсунбаев Жылдызбек
Туулган жылы, айы – 1982-жыл 15-август
Туулган жери – Жалал-Абад облусу Кара-Көл шаары
Билими – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин “Радио, телеберүү жана киноискусство” бөлүмүн бүтүргөн. 2005-жылдан тарта журналистика тармагында эмгектенип келет.
Учурда – “Манас фм” радиосунда иштейт. “Дил чабыт”, “Жаралуу сезимдер” поэтикалык китептердин автору
"Мен өзүм Кетмен - Төбөлүк,
Так ошол жерде төрөлүп
Ырыстуу бала экенмин
Ыр жазып жүрөм көгөрүп..."