Шаардын Кой-Таш тилкесине көлөмү 100 миң куб метр болгон жер көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, аймакта 1993-1994-жылдары да жер жылып, көчкү жүргөн.
Бул жолу түшкөн көчкү пайдаланылбай турган Сары-Бээ-Майлуу-Суу эски унаа жолуна жана дарыяга түшкөн. Калктуу конуштарга коркунуч алып келген жок.