"Маданияттын мыкты кызматкери" жана "Билим берүүнүн отличниги", "Ак-Шоола" элдик үлгүлүү балдар хорунун кенже балдар тобунун жетекчиси Салтанат Шабданалиева менен Наргиза Шамшиева "Замандаш" программасында маектешкен.
Каарман жөнүндө кыскача;
Толук аты-жөнү – Шабданалиева Салтанат
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, айы – 1977-жыл 22-октябрь
Билими – Б. Бейшеналиева атындагы мурдагы Искусство институтунун “Хор дирижёрлугу” кафедрасын
жана “Режиссура жана актёрдук чеберчилик” кафедрасын бир эле учурда окуп бүтүрүп, эки кызыл диплом
менен окуусун ийгиликтүү аяктаган.
Учурда – “Ак Шоола” үлгүлүү балдар хорунун кенже балдар тобунун жетекчиси
"Ак-Шооладан тапкан табылгам - уулум. Көп жыл балалуу боло албай жүрдүм. Кичинекей окуучуларым: "Салтанат эже балалуу болсун!", - деп баталарын беришчү. Ак-Шооланын тилегинен, Ак-Шооланын батасынан бүткөн Акжолум бар"