“Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” бийик максаттары менен эл кызматын аркалап келе жатышкан бир боор бир туугандар Элзар Өскөнбаева жана иниси Улан Үсөйүн менен "Замандаш" программасында Улукман Атабеков маектешкен.
Бир боор бир туугандар тууралуу кыскача;
Толук аты-жөнү – Өскөнбаева Элзар Усеиновна
Туулган жылы, айы – 1987-жыл 30-ноябрь
Туулган жери – Нарын облусу, Нарын району, Таш-Башат айылы
Учурда – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын “Эл ырчысы Эстебес”
жана “Маржан” тобунун солисти, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик
Маданият жана искуссвто университетинин “Салттуу музыка жана фольклор”
кафедрасынын окутуучусу
Толук аты-жөнү – Улан Үсөйүн уулу
Туулган жылы, айы – 1993-жыл 23-январь
Туулган жери – Нарын облусу, Нарын району, Таш-Башат айылы
Учурда – “Көчмөн” коомдук фондунун негиздөөчүсү, жаш активист
"Студенттерге үйрөтүп жатып, өзүм дагы көп нерсени үйрөнүп жатам. Азыр деле мен үйрөнө элек көп нерсе бар"
"Ар бир доордун өзүнүн чыгаандары бар"