Sputnik Кыргызстан "Ты супер" конкурсунун катышуучусу Урматтын кыялын орундатты
Новость

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Ты супер" конкурсунун катышуучусу 12 жаштагы Урмат Мырсаканов менен футбол боюнча улуттук курама команда менен достук оюнун уюштуруп берди. Иш-чара Кыргызстандын Футбол федерациясынын көмөгү менен ишке ашып, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду. Sputnik агенттиги маалыматтык колдоо көрсөтүп, оюнду түз алып көрсөттү.

Урмат бош убактысынын баарын футболго арнап, бул оюндун күйөрманы болот. Жолугушуу учурунда өлкө намысын коргогон футболчулар Урматка топту туура тебүү, чабуул коюу жана коргонуу ыкмаларын үйрөтүп, соңунда кыска оюн болду. Ал эми КРдин Футбол федерациясынын башкы катчысы Медербек Сыдыков жаш талантка топ жана улуттук кураманын формасын тапшырды.

"Биз сени менен сыймыктанабыз, Урмат. Сен өлкөнүн намысын татыктуу коргодуң. Футболду жакшы көрөрүң мактоого татыйт. Спорттун бул түрү командалык оюнду талап кылат. Сен эми биздин катарга кошулуп, 12-оюнчу болдуң", — деди Сыдыков.

 Урмат өз кезегинде ыраазычылык билдирди. "Sputnik агенттигине рахмат айтам. Мен баалаган жана жакшы көргөн футболчуларга жолуктум. Ал эми форма жана топ үчүн Футбол федерациясына ыраазычылык билдирем. Мен мындан ары ырдайм жана футбол ойнойм", — деди Урмат.