Елена Черномазова орус улутунан. Кыргыз, түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйт, кесиби боюнча врач-анестезиолог-реаниматолог, КТРКнын Ала-Тоо 24 каналынын "Күндарек" программасынын алып баруучусу. Керемет Сабыржанова "Замандаш" программасында Елена Черномазова менен маектешкен.
Каарман жөнүндө кыскача:
Толук аты-жөнү – Черномазова Елена Алексеевна
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 7-ноябрь
Туулган жери – Ысык-Көл облусунун Каракол шаары
Билими – И. Ахунбаев атындагы КММАны бүтүрүүчүсү
Бош убактысында – Китеп окуп, достору менен эс алганды жактырат
Кийнүү стили – Мода куубайт, эң негизгиси ыңгайлуу анан жарашыктуу болсо болду
Кесиби – Врач-анестезиолог-реаниматолог, клиникалык ординатор
Учурда – КТРКнын Ала-Тоо 24 каналынын “Күндарек” программасынын алып баруучусу
Кыргыз, орус, англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.
“Биз кыргыздар - ооруларга маани бербей эле жүрө беребиз, суук тийген анан көз тийген – деп”
"Телеге чыкканымда жакындарым таң калган, сен ал жакка кантип барып калдың - деп? Себеби, эфирге чыгаарым тууралуу эч кимге айткан эмесмин"