"Жоомарт жана Өнөктөштөр" юридикалык компаниясынын президенти, Эл аралык бейтарап сотунун арбитри, белгилүү юрист Жоомарт Жолдошев "Замандаш" программасында Умсунай Өсөрова менен маектешкен.
Каарман жөнүндө кыскача:
Толук аты-жөнү – Жолдошев Жоомарт Раимбердиевич
Туулган күнү, айы – 12.01.1982
Туулган жери – Ош шаары
Өзгөчө таасирленген киносу – Кыргыз кинолорунан “Ак кеме”, дүйнөлүк тасмалардан укук тармагындагы кинолор
Өзгөчө таасирленген адабий чыгармасы – Лев Толстойдун чыгармалары
Жактырган актёру – Орус актёру Сергей Безруков, кыргыз актёрлорунан Сүймөнкул Чокморов, Айтурган Темирова жана азыркы жаш актёрлордун бардыгы
Жактырган ырчысы – Бек Борбиев, Роза Аманова, Аскат Мусабеков ж.б. ырчылар
Учурда – “Жоомарт жана Өнөктөштөр” юридикалык компаниясынын президенти, Эл аралык бейтарап
сотунун арбитри.
"Беш тилде эркин сүйлөйм, тил деген баарлашуу, маалымат алуу. Тил үйрөнүүдө атайын деле "секретим" жок, кызыгуум күчтүү болсо керек"
"Бизге жаңы муундагы юристтер керек, профессионалдык деңгээли бийик, заманбап түшүнүк менен жашай ала турган!"