POST1RIGHT
4-апрель күнү саат 08:40 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө-Кабылан-Көл унаа жолунун 11-чакырымында унаа жол болжол менен 9-10 метрге чейин чөккөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, жабыркагандар жок. Унаа жолду калыбына келтирүү үчүн техника тартуу жагы каралууда.