Адистердин айтымында, баланын тишинин өнүгүү процесси бала төрөлө элек кезинен эле, тактап айтканда, кош бойлуулуктун 6-8-жумаларында башталат. Андыктан, баланын тишине кам көрүүнү болочок эне кош бойлуу кезинен эле баштоого тийиш. Ал үчүн кальций бар азыктарды көбүрөөк жеп туруу сунушталат. Бул тууралуу №4 тиш дарылоо бейтапканасынын башкы дарыгери Амантур Бекмурзаевич Мамытканов кеңеш берет. Уктурууну даярдаган Умсунай Өсөрова.