Президент "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Т. Кентти кабыл алды
Новость

Президент Алмазбек Атамбаев Эркин Европа Радиосу, Азаттык Радиосу медиакорпорациясынын президенти Томас Кентти анын өтүнүчү боюнча кабыл алды. 

Жолугушууда Томас Кент Кыргызстан ар дайым региондогу башка өлкөлөрдөн демократияга умтулгандыгы жана сөз эркиндигин урматтагандыгы менен айырмаланып турат. Биз аны көрүп турабыз жана кызматташууну улантууга кызыкдарбыз, - деди Томас Кент. 


"Кыргызстандыктар үчүн сөз эркиндиги жана адилеттик деген түшүнүктөр ар дайым өзгөчө мааниге ээ болуп келген. Демократиялык коомдун эң маанилүү жетишкендиги болгон сөз эркиндиги жана ачык-айкындуулуктун азыркы деңгээли менен кыргызстандыктар сыймыктанып, баалайбыз. Бирок, өлкөдө кеңири орун алган пикирди билдирүү эркиндиги жалпыга маалымдоо каражаттарына өзгөчө жоопкерчилик тагаарын баары эле түшүнө беришпейт. Улам күч алып бараткан фейк технологиясы сөз эркиндигинин беделин түшүрүп, кадырын кетирип койбошу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары чынчыл жана калыс иштеши керек” - деп белгиледи президент Алмазбек Атамбаев.