Кыргыз радиосундагы "Ыр кесе" салттуу өнөр майрамы уланууда. "Ыр кесени" Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын "Эл ырчысы Эстебес" тобунун солисттери катышып улантууда. "Ыр кесеге" КРнын Эл артисти Нуржамал Таабалдиева, КРнын эмгек сиңирген артисттери Амантай Кутманалиев, Аалы Туткучев, ырчылар Өмүрзак Кайыпов, Турдукан Сарбанова, Элзар Өскөнбаева, Талант Сыдыков, Мээрим Карыпова, Эмил Ишенбек уулу, Өскөн Дүйшөмбиев катышат.Программанын редактору Чынара Итигулова, режиссёру Жолдош Апасов, эфирге көркөмдөгөн режиссёру Жыргал Аманова.