“Акын жүрөгү түбөлүктүү өчпөс от” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды
Новость www

POST1RIGHT

29-мартта Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада, кыргыз адабиятынын классиги Жусуп Турусбековдун чыгармачылыгына арналган “Акын жүрөгү  түбөлүктүү өчпөс  от” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды. 

Ал кыргыз адабиятынын тарыхында: акын, драматург, котормочу катары калды. Жусуп Турусбековдун чыгармачылыгы мектеп  жана жогорку окуу жайларынын программасына кирген. Эми “Ажал ордуна” драмасын  жаңыртып коюп,       китептерин  кайра басып жаңы муунга даңазалап туруу керектиги белгиленди.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"