Ош шаарында театр кызматкерлери сыйланды
Новость

Бүгүн Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында бүткүл дүйнөлүк театр күнү белгиленип,  анда театр кызматкерлери сыйланды. 

POST1RIGHT

Майрамдык иш-чарага Ош улуттук драма театрынын, Бабур атындагы өзбек музыкалык - драма театрынын, куурчак театрынын, “Келечек” балдар чыгармачыл борборунун кызматкерлери катышышты.


“Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлүп жаткан маданий иш-чараларга кошкон салымы үчүн бир катар театр кызматкерлери Ош шаардык мэриясынын ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.