Өзгөндө жер көчкү жүрүп, турак үйлөрдү басып калды
Новость

Өзгөндө жер көчүп турак үйлөрдү басып калды. Ош облусунун Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчүп, төрт үйдү басып калганын Өзгөчө кырдаалдардар министрлиги билдирди.POST1RIGHT

Жер көчкүнүн узундугу болжол менен 800, бийиктиги 4-15 метр. 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп барган жер көчкүнүн алдында бир үй-бүлө 6 адамы менен (үй ээси, аялы жана 4 баласы) калган. 

Эки үйдө адам жок болгон, дагы 2 үйдөн адамдар качып чыкканга үлгүргөн. Ошондой эле көчкү түшкөн адырдын арткы бетинде дагы бир турак жай бар экени айтылат. Бактыга жараша андыгалар дагы качып чыкканы кабарланууда. 

Өзгөн районунун борборунан Топ-Жаңгак участкасына чейин 31 чакырымдык жол. Анын акыркы беш чакырымына унаа бара албагандыктан жөө же ат менен катташат.

Топ-Жаңгак участкасында жогору тарабынан жер көчкү кайрадан кайталанып, кооптуу абал жаралгандыктан издөө-куткаруу иш-аракеттери убактылуу токтотулду.

Учурда куткаруу топтору жеринде иш алып барышууда.