Sputnik баш редактору БУУнун долбоорунун алкагындагы видео көпүрөгө катышат
Новость

ЖМКлардагы гендердик теңдик башкы темасы болгон видео көпүрөгө эл аралык Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун баш редактору Маргарита Симоньян катышат. БУУнун системасындагы эң ири уюмдардын бири болгон — Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын бул иш-чарасына агенттик өнөктөш болууда.

Иш-чара 28-мартта Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп, Кыргызстан менен Россиянын медиаэксперттеринин пикири ортого салынат. Чакырылган адистердин арасында БУУнун азык-түлүк программасынын (БУУ ДАКП) программалык маселелер боюнча эксперти Алтынай Маймекова, "БУУ-кыз-келиндер" долбоорунун координатору Жыпара Турмаматова бар. Алар Кыргызстандагы гендердик теңдик суроолору тууралуу айтып берип, аталган теманы чагылдырууда журналисттердин кесиптик компетенттүүлүгүн талкуулашат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтө турган видео көпүрөгө кесипкөй журналисттер катышат.

 Иш-чарага катышууну каалагандар катталуудан өтүш үчүн "видео көпүрө" деген белги коюп, аты-жөнү, иштеген жерин жазып elizabeth.zalkind@wfp.org почтасына кат жөнөтсө же + (312) 66 00 33 (кошумча номер # 2430) телефондоруна чалып байланышса болот. Каалоочулар 27-марттан /17:00дөн (Бишкек мезгили) баштап каттоодон өтө баштайт. Катышуучулардын саны чектелүү. Иш-чаранын онлайн-алып берүүсүн Sputnik Кыргызстандан көрсөңүздөр болот.

БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы — дүйнөнүн жаратылыш кырсыктары жана согуш болуп, кыйынчылык жаралган аймактарга гуманитардык жардам, анын ичинен азык-түлүк жагынан көмөк көрсөткөн уюм. БУУ ДАКП — туруктуу өнүгүү процесстерин колдоп, аны менен катар эле өзгөчө азык-түлүк коопсуздугу жана социалдык жактан аялуу катмардагыларды коргоо жаатында иш алып барат. Программа өлкөнүн сексенден ашык өлкөлөрүндө иштеп, 80 миллиондон ашык адамга жыл сайын жардам көрсөтүп келет.

БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы коомчулуктун туруктуу өнүгүүсүнө жетүүгө көмөк көрсөтүп, программалары менен 300 миңден ашуун адамды камтыйт. Ири делген долбоорлору — мектептеги тамактанууну реформалоо, муктаж болгондорго социалдык кепилдиктерди өнүктүрүү.