Бишкек-Ош унаа жолундагы кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бишкек-Ош унаа жолунун коопсуздугун камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында, 19-марттан 24-мартка чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Мындан улам кар көчкүнү атып түшүрүү иш-чаралары 20-мартта башталды.