Сөз эркиндигинин мааниси эмнеде?
Новость

“Маалымат каражаттары менен жарандык коомдун бирге иш алып баруусу-маалымат коопсуздугун сактайт”. Мындай аталыштагы эл аралык жыйын Бишкекте болуп өттү. Ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 100дөн ашык маалымат каражаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, мындан тышкары Улуу Британия, Монголия жана Румыниядан келген эксперттер катышты.

Мындан тышкары "Жалган маалымат таратуу, такталбаган окуяны чагылдырууга кантип бөгөт койсо болот?" деген темада чет элдик эксперттер тренинигдер менен мастер-класстарды өтүштү. Эл аралык жыйын БУУнун Бишкектеги Академиясы, Интерньюс уюму, “Сорос-Кыргызстан” фонду жана Америка Университетинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.