Майлуу - Суулуктар коопсуз жерге көчүрүлдү
Новость 5news.kg

Майлуу-Суу шаарынын четиндеги тогуз үй-бүлө жер көчкү коркунучуна байланыштуу убактылуу туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлдү. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, кооптуу кырдаал жаралган жерде адистер иштеп жатышат. Министрликтин 15-марттагы маалыматы боюнча, шаардын Сары-Бээ аймактык башкармалыгында жер жылып, бир жарым метрдей эңкейишке көчкөн.

Майлы-Суу шаарында уран калдыктары 23 жерге көмүлгөн. Экологдор жер көчкүдөн уран калдыктары ачылып, жергиликтүү тургундардын саламаттыгына зыян тийгизиши мүмкүн экендигин айтып келишет.