POST1RIGHT Санариптин сапаты жакшырсын деп аймактарда иш кызыган учурда, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде болуп жаткан акыркы окуялар бүгүн тегерек үстөлдө, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, жарандык коом жана саясатчылардын катышуусунда талкууланды. Катышуучулар анда айрым маалымат каражаттары кээ бир иш-чараларды чагылдырууда чектен чыгып, өзүнчө учурларда жалган жалаа менен ушак таратууну өнөкөт кылып алышканы белгилешти. Алардын жоопкерчилик маселесин кароо демилгелери да айтылды.
Иш чараны көз карандысыз журналисттер бирикмеси уюштурган. Алар жалпыга маалымдоо каражаттарында болуп жаткан акыркы окуяларга, тактап айтканда эки медиа мекемеге карата берилген доо арызга тынчсызданууда.
Тегерек үстөлдүн катышуучулары айтылган бардык ой пикирлерди камтып, соңунда резолюция кабыл алмай болушту.