Сөз эркиндигин жеке кызыкчылыгына пайдалангандар көбөйдү
Новость

Санарипке өтүүдө журналисттер дагы элге түшүндүрүү иштерин жеткирүүгө өз салымын кошууда. Журналисттер демекчи, Кыргызстанда журналист жана ар бир жаран өз оюн эркин айта алат жана аны каалаган маалымат каражаттарына жарыялай алат. Дүйнөлүк коомчулуктун баамында Кыргызстан Борбордук Азиянын башка мамлекеттерине салыштырганда сөз эркиндиги бар өлкө. Мындай укукту мамлекеттин Конституциясы кепилдейт жана сөз эркиндигине байланышкан бир топ мыйзамдар кабыл алынган. Бирок тилекке каршы такталбаган маалыматты тартынбай туруп тараткан маалымат каражаттары да жок эмес. 

Өлкөдө жыл өткөн сайын жаңы жарык көрүп жаткан басылмалар, телеканалардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө санарипке өтөбүз дегенден бери бир топ менчик каналдар ачылды. Мындан улам Кыргызстандын медиа айдыңында атаандаштык күчөп, биринен сала бири сапаттуу продукция даярдоого басым жасай баштады. Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен сөз эркиндиги боюнча алда канча жогору турган өлкө. Бирок көпчүлү учурда айрым маалымат каражаттары эркиндик дегенди аша чаап пайдаланууда-дейт эксперттер. Журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң башкы милдети жана укугу - бул адамдарга жалган маалыматтарды жана ушактарды эмес, калыс маалыматтарды, чындыкты жеткирүү. Коомдук пикирди жаратуу. Тилекке каршы мындай талапты айрым маалымат каражаттары карманбайт. Маалыматты озунуп бере калам деп бейтараптуулук сакаталбаган, көбүнчө жалган маалымат берип, адамдын аброюна шек келген учурлар аз эмес. 

Айрым серепчилер жарандардын укуктары жана эркиндигине бир ууч жалганчылар менен ушакчылардын чайкоочулук кылышына жол берилбеши керек деп эсептейт. Батыш мамлекеттеринде ушак маалыматты тараткандыгы үчүн ири өлчөмдөгү айып салынат жана эркинен ажыратууга чейин жаза каралган. Мисалы АКШда жалган маалымат тараткан адам 250 миң доллар айыпка жыгылат же 10 жылга чейин эркинен ажырайт. Медиа эксперттердин айтымында сандан сапатка өтө турган мезгил келди. Массалык маалымат каражаттары ушак, такталбаган маалыматты биринчилерден болуп озунуп бере калгандын ордуна дыкат текшерилип такталган жана ар тараптуу маалыматты таратууга дилгирлениши керек-дейт талдоочулар.