“Асмандан жарык корсон жылдыз деп бил. Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил”, - деп айтылат эмеспи элибизде.
Нечендеген жылдарды каарыткан, улуттук баш кийимди кыргыз жигиттери азыркы күнгө чейин алтын башынан түшүрбөй кийип келишет. Улуусуна өзүнчө, кичүүсүнө өзгөчө кылып ууз апаларыбыз ар түрдүү оймо-чиймелерди түшүрүү менен тигишет. Анда кышта жылуу жана жайда салкын.
Ак калпак Айкөл Манастын урпактарына гана ылайыкталып тигилгендей сезилет. Ал эми меймандос келген кыргыз эли, башка өлкөлөрдөн келген конокторуна кыргыз улуттук чапан жамынтып, ак калпак кийгизип келет.
Улуу манасчы Саякбай Каралаев, Чыңгыз Айтматов, Юрий Гагарин баш болгон улуу инсандардын ак калпакчан сүрөттөрүн бирге көрөлү.