Ош-Баткен-Исфана жолундагы жол кырсыгынан 2 адам мерт кетти
Новость

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн 24-февралда эртең мененки саат 08:10 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 126-чакырымында оор жүк ташуучу “Хово” менен “Тико” үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.
Жол кырсыгынан “Тико” үнаасындагы 2 адам каза болгондугу кабарланды.
Ошондой эле, оор жүк ташуучу унаанын прицеби оодарылып, ташып бараткан күйүүчү май төгүлгөн.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, РИИБнүн милиция жана медицина кызматтарынын кызматкерлери тартылган. Куткаруучулар каза болгондорду туугандарына өткөрүп беришти.