Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ыйман, адеп жана маданият жылына карата мыкты логотип иштеп чыгууга сынак жарыялады. “Эң мыкты” деп табылган логотиптин авторуна 50 миң сом байге ыйгарылат.
Эмгектер 27-февралга чейин кабыл алынат. Атайын түзүлгөн комиссия 28-февралда сынактын жеңүүчүсүн аныктайт. Быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылына ” карата жарыяланган сынакка бардык каалоочулар катыша алат.