Ысык-Көл районунда жаңы төрөлгөн ымыркайдын өлүмү менен коштолгон кайгылуу окуя болду. Жаркынбаев айылынын тургундары Майрамбек Ормонбаев жана жубайы Асел Сантасова дарыгерлердин кайдыгер мамилесинен улам ымыркайынан ажырап калганын айтышат.
Төрөт учурунда баланын башы чыкканы менен , бирок денесин чыгара албай койгон дарыгерлер Аселди ошол бойдон тез жардам унаасына эмес, Аселдин жолдошу Майрамбектин жеңил унаасына салып Чолпон-Ата шаарына жөнөшкөн. Адистердин айтымында мындай абалда төрөп жаткан энени, баласы менен алып жөнөө акылга сыйбаган иш. Ошентип кыйналган эне бала бир саатын ичинде райондук реанимация бөлүмүнө жеткен.
Бул кайгылуу окуядан кийин азыр адистер териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Төрөттү кабыл алам деген дарыгер Ирина Москаленко жетимиш жашта экен. Териштирүү иштери бул окуяга өз баасын берер. Ал эми отуз жылдан ашуун реаниматолог болуп эмгектенген Сарбагыш Иманалиев болсо мындай окуяга биринчи жолу туш болгонун айтат. Анын айтымында мында жалгыз гана дарыгерди күнөөлөй берген болбойт. Себеби адистердин жоктугу, айылдык медицинага болгон көңүл кош мамиле да бул жагдайга себеп.
Эне баланы эмне мынча кыйнап тез жардам унаасында эмес, жеңил унаада алып жөнөшкөнү боюнча түшүнүксүз жагдайлар бар. Мындан сырткары көптөгөн маселелерге дагы жооптор алына элек.