Табигаттын кырсыган жабыр тарткандар мамлекеттин камкордугуна алынат
Новость

Табигаттын кырсыган жабыр тарткандар мамлекеттин камкордугуна алынат. Жабырлануучулар зарыл болгон жардамдар менен толук камсыздалынат. POST1RIGHT

Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге Чоң-Алайдагы Жаш-Тилек айылына барганда билдирди. 

Эл өкүлдөрү кырсыктан балдарынан ажыраган үй-бүлөлөргө көңүл айтып, Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом жардам катары тапшырды. 

Ушундай эле материалдык жардамды Жогорку Кеңештин айрым эл өкүлдөрү 19-февралдагы кар көчкүдөн каза тапкан Кара-Суу районунун Папан айылынын тургунунун жакындарына көрсөттү. 

Ушу тапта кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникасы тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.