Cот тармагында реформа жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралды
Новость

POST1RIGHT Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен сот тармагында чыныгы реформа жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралды. Бул тууралуу бүгүн сот реформасы боюнча президенттик кеңештин кезектеги отурумунда белгиленди. 

Реформанын алкагында парламент депутаттары бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунушташты. Ага ылайык соттордун жана алардын жакын туугандарынын уюлдук телефондорун жашыруун угуп, судьяларды калпты аныктоочу детектордон өткөрүү демилгеленүүдө.

Учурда соттордун көбү көз карандысыз, телефондук чалуулардын басымы астында иштеп келатканы эч кимге жашыруун эмес. Андыктан бир катар депутаттар соттордун жана алардын жакын туугандарынын уюлдук телефондорун жашыруун угуп, ал эми сот процессин толугу менен видеотасмага түшүрүүнү сунушташууда.