Президент Садыр Жапаров Кытайдагы иш сапарынын алкагында Пекинге барды (фотобаян)
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Пекин шаарына барды. 

Тяньцзинь шаарында Мамлекет башчысын расмий узатуу аземи болуп өттү, ага кытай тараптын өкүлдөрү катышты. 

Садыр Жапаров Кытайдын борборуна ылдам жүрүүчү поезд менен барды. Темир жол бекетинин аянтчасына килем төшөлүп, тосуп алуучулар жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын желектерин кармаган балдар катарга тизилишкен. 

Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров 3-сентябрда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин жана аякташынын 80 жылдыгына арналган Парадга катышат, ошондой эле КПК БК Саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү, КПК БК Катчылыгынын Катчысы Цай Ци менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.