Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин дүйнөдөн кайтты
Новость

Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. 

Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Министрлик өз сайтында жарыялаган билдирүүдө Чуркин Нью-Йоркто көз жумган. 

Элчи 21-февралда 65 жашка толмок. Виталий Чуркин бул кызматты 2006-жылдан бери аркалап келген.