Борбор калаадагы унаа токтотуучу жайлардан акы алынат
Новость

Бишкек мэриясы көчөлөрдөгү ачык унаа токтотуучу жайларда автоматташтырылган паркинг пилоттук долбоорун ишке киргизет. Муниципалдык токтотмолордон акы алуу - жол тыгындарын азайтуу жана борбордук көчөлөрдөгү кыймылды жөнгө салууну көздөйт. Заманбап, автоматташтырылган система кантип ишке ашат?

Азыр мында автоунаалар баш аламан токтогон. Ушундан улам эки катар унаа өтүүчү чоң көчөдөн бири бирин күткөн айдоочулар араң өтүшөт. Унаа токтотууга акы алууну Попов ишканасы ишке ашырганы турат. Компания көчөнү толугу менен ижарага былтыр ушул айда тендерден утуп алган. Тиешелүү документ иштерин бүткөрүүгө бир жыл убакыт кетип, эми реконструкциялоо жана долбоорду ишке ашыруу турат. Ижарачы жеке ишкана өкүлдөрүнүн айтуусунда, унаа токтотууда көзгө илинчү жаңылык болбойт. Анткени булар курулуш менен алектенбейт, бир аз реконструкциялоо менен унаа токтотуучу орундарга белги коюлуп, долбоор бир канча этап менен ишке ашат.

Эл көп чогулган борбордук аймакта акынын кымбат болушу - мында машиналардын санын азайтып, жол кыймылына тоскоолдук жаратпоо дешет ишке ашырчулар. Шопоков көчөсүндө жалпысынан 500 унаа токтотуучу орун болот. Жана андагы абалга онлайн түрүндө байкоо салынат. Акы төлөө акырындык менен шаардын бардык көчөлөрүндөгү унаа токтотуучу жайларга киргизилет. Бир сөз менен айтканда акысыз унаа токтотуучу жайлар Бишкекте болбойт.  Унаа токтотуучу жайлардан акы алууну автоматташтырылган системага өткөрүү Орусия, Европа өлкөлөрүндө бир канча жыл мурда киргизилген. Коңшу Казакстандын Алматы шаарында да иштеп жатканын демилгечилер айтышат. Баш калаадагы жол тыгындарын азайтуу жана борбордогу кыймылды тартипке келтирүүдөгү унаа токтотуунун акысын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бекитет.