Аймактардагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштери үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыздалып, убагында финансылык каражат бөлүнөт. Ошондой эле элдин коопсуздугун камсыздоо жаатында жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш жүргүзүлүп, мониторинг жумуштары күчтөндүрүлөт.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков адам курмандыктарына алып келген өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн учурунда тиешелүү мамлекеттик органдарга ушундай тапшырма берди. Учурда кар көчкү түшкөн жерлерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Транспорт жана жолдор министрлигинин биргелешкен аракети менен өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана жол тазалоо иштери жүрүүдө. Чоң-Алай районунда турак жайы кар көчкү астында калган эки үй-бүлөгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте кийим-кечектер жана азык-түлүк жагынан гуманитардык жардам берилди.