Кар көчкүнүн кесепети 3 адамдын өлүмүнө себеп болду
Новость

19-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагында кар көчкү түшүп, 38 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда кар көчкүнүн көлөмү такталууда.

Ошондой эле, кечээ 19-февралда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында түшкөн кар көчкүнүн алдында калган 1-үйдөн 6 адам куткарылган. Ал эми 2-үйдө 7 адам болгон. Алардын бешөө куткарылып, кар көчкү басып калган үйлөрдүн биринде эки жаш баланын сөөгү табылды. Жабыркаган 10 адам аймактык ооруканага жеткирилген. 

Ош облусунун бириккен кампасынан гуманитардык жардам бөлүндү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 бөлмөлүү 2 мобилдик турак жай жана гуманитардык жардамдар бөлүнүп, кырсык болгон аймакка жөнөтүлгөн.