Чоң-Алай: Жаш-Тилек айылындагы үйлөрдү кар көчкү басып калды
Новость www

Жекшембинин таңында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында 2 турак-үйдү кар көчкү басып, табигый кырсыктан  эки жеткинчек каза тапты. Окуяга күбө болгондордун айтуусунда, кар көчкү  Чоң-Алай айыл аймагына караштуу Жаш-Тилек айылында эртең мененки саат бештер чамасында  катталып, эки турак үйдү жашоочулары жана короо-сарайындагы  малы менен басып  калган. Эки үйдө жалпысынан 12  адамдын онун жергиликтүү тургундар өз убагында  куткарышып, калган эки жаш баланын сөөгү  ошол күнү түшкө жакын табылды. Маалыматтарга караганда, Чоң-Алайда тынбай жааган кардын көлөмү 2 метрден ашты. Бороон  күч  алып, элеттиктердин жашоо-турмушун кыйындатууда. Жергиликтүү бийлик тарабынан жол тазалоо жумуштары аткарылып, көчкү  алдында калган турак үй жашоочуларын  коопсуз жайга  чыгаруу жана  саламаттыгына доо кеткен  жабыркагандар  райондук ооркунага  жеткирилди. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"