Талас шаарындагы борбордук аянтка жетимишке жакын декоративдүү көчөттөр тигилди. Бул саамалык үчүн жалпысынан 239 миң сом жумшалган. Шаар мэриясынын маалыматы боюнча буга чейин калаа ичинде эски ийне жалбырактуу дарактар алынып, алардын ордуна декоративдүү арчалар тигилди. Көрктөндүрүү ишине шаар башчылары, ардактуу атуулдар жана мекеме ишканалардын кызматкерлери жапа тырмак чыгышты.