POST1RIGHT 12-февралдан тартып Кыргызстанга үчүнчү мамлекеттерден ташылган унааларды каттоонун жаңы тартиби киргизилди. Бажы союзунун техникалык регламентине ылайык унааны каттоодо авто каражатынын конструкциясынын коопсуздугу боюнча документ талап кылынат. Тактап айтканда унаа ээлери ЕАЭБдин атайын күбөлүгүнө ээ болушу шарт. Бирок унаа кожоюндарынын арасында түшүнбөстүктү жараткан ар кандай имиштер тарап кетти.
Жекшемби күнү автотранспортторду каттоо департаментинин аймактык бөлүмүндө узун кезектер пайда болду. Эгер машиналарыбыз каттоого алынбай калса колдонуудан чыгып, жөн эле темир-тезекке айланат экен деген кожоюндар шаша-буша кезекке туруп, буга чейин Кыргызстанда каттоого алынбаган унааларын каттатууга жетишип калалы деп убара түштү. Видео жарыяланган соң маселе социалдык тармакта кызуу талкууну жаратып, чын эле жетишпей калабызбы дегендер арбыды.