Орусияда эрдик көргөзгөн мекендешибиздин эрдиги бааланды
Новость KTRK/videograp

Москва шаарынын метросунда аялдын өмүрүн сактап калган кыргызстандык Марат Исаев президент Алмазбек Атамбаевдин сыйлыгына татыды. 

POST1RIGHT

Мамлекет башчы адам өмүрүн сактоодо көрсөткөн эрдиги үчүн Марат Исаевди президенттин кол сааты менен сыйлоо чечимин кабыл алды. Ошондой эле, президент Исаевге акчалай сыйлык бөлдү. 

Өлкө жетекчи - биздин мекендешибиз , экстремалдуу абалда чыныгы мырзаларга жана жоопкерчиликтүү жаранга мүнөздүү сапатты көрсөткөнүн белгиледи.