"Ата керээзи" тасмасы Кыргыз желегин Ааламга желбиреткен ийгиликтүү кино тасма болду. Кечээ, 9-февраль күнү, жыйынтыкталган Индиядагы эл аралык кинофестивалга Кыргызстандын атынан катышкан "Ата керээзи" тасмасы негизги сынакта баш байгеге ээ болду.
Иш чара 2-февралда башталып, ага жалпысынан 50 өлкөдөн 180ден ашуун тасма катышкан. Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" тасмасы 20га чукул фильм менен "Азия киносу" сынагында ат салып, жеңишке жетишти.
Тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Монреаль шаарында өткөн. Ошондон тарта ийгилик нуру кыргыз тасмасына тийип, азыркы күнгө чейин айройлуу сынактарда баш байгелерге ээ болууда.
Белгилей кетсек, "Ата керээзи" тасмасы Монреалдагы кинофестивалда баш байге болгон "Алтын меридиан" алып, "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.
Андан сырткары, Минск шаарына өткөн "Лістапад" эл аралык фестивалында үч байгеге татыган жана Тажикстанда өткөн "Дидор" Эл аралык кинофестивалында лауреат аталган.