Жекшемби күнү өлкөнүн бир катар райондорундагы бийик ашуулуу унаа жолдордго кар көчкү түшүп, тазалоо иштери бүгүн улантыларын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришүүдө. POST1RIGHT
Маалыматтарга караганда, Нарын облусунун Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-9 чакырымдарында 14 участокто көлөмү 6300 метр кубга жеткен кар көчкүсү түшүп, унаа жол жабылган. Тазалоо жумуштары жергиликтүү жол чарба ишканалары тарабынан жүргүзүлүп, бүгүн ал иштер улантылат.
Ушундай эле көрүнүш Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун аймагында катталууда. Тактап айтканда, 4-5-февраль күндөрү аталган райондун Кашка-Суу, Чон-Алай жана Жекенди айыл аймактарында калыңдыгы 70-80 см кар жаап, 16 айылда жалпысы болуп 72 чакырым ички чарбалык жолдор жабылып калган. 5-февраль күнү 9 айылда 39 чакырым ички чарбалык жол тазаланып, калган 7 айылда тазалоо иштери бүгүн улантылат.
Адам өмүрүн жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен республиканын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабдын артиллериялык тобу Бишкек-Ош унаа жолунда карды мажбурлап түшүрүү иштерин аткарып жатышат. Карды аткылап түшүрүү жумуштары бүгүн Кара-Кулжа-Мырзаке-Алайкуу унаа жолунда да жүргүзүлөт.
Г.Каражанова, Биринчи радио