Көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар өз нугунда жүргүзүлүүдө
Новость photo: KTRK

Ушул күздө Кыргызстанда 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт. Жарышка карата даярдыктар расмий түрдө 23-декабрда Бишкекте старт алган. Чолпон-Ата шаардык ат майданын реконструкциялоого каражат бөлүнгөн. Ошондой эле, 3 кабаттуу жаны спорт комплекс салынат. Анда жеке таймаштардын түрү боюнча спортчулар күч сынаашарын уюштуруучулар билдиришүүдө.

POST1RIGHT

Көчмөндөр оюнунун дагы бир бөлүгү Кырчын жайлоосунда өтөт. Бул жакта мурдагыдай эле кыргыз айылы эле орун албастан, быйыл хан ордо дагы көтөрүлөт. Ал эми Кыргызстандын атынын тигилчү кыргыз үйлөрү быйыл сынактын негизинде гана жүргүзүлөт. Азыр аймактарда мыктынын мыктысы тандалууда. Ошондой эле Кырчында көчмөндөрдүн эле эмес, дүйнөлүк маданияттын сүртүмдөрү да чагылдырылат. 

MEDIA1LEFT

Анан да оюндун ачылышы менен жабылышы өзгөчө шаң коштолот. Баш аламандык болуп кетпес үчүн билеттерди сатуу жагы каралууда. Азырынча наркы канча болоору белгисиз. 

Эскерте кетсек, жаңы мазмун, заманбап форматтагы иш-чараны биринчилерден болуп Кыргызстан мурдагы жылы өткөргөн. Маданият менен спортту бириктирген бул иш-чара Кыргызстандын беделин көтөрүп, туристтерди чакыруудагы мүмкүнчүлүгүн ачат.
Медалдар спорттун 15 түрү боюнча ойнотулат. Кененирээк  Гүлнара Касымбекованын материалында: