Ушул жумадан баштап бардык министрлик менен мамлекеттик мекемелердин жетекчилери турак-жайларын камсыздандыра баштайт. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча жыйында билдирди. Премьер жыйында элге үлгү болуу максатында биринчилерден болуп өз турак-жайын камсыздандырганын маалымдады. Эске салсак 11-февралда турак-жайларды өрт жана жаратылыш кырсыктарынан милдетүү камсыздандыруу тууралуу мыйзам күчүнө кирди.
 www.gov.kg
                                                                                                                                                www.gov.kg
                                                                                                                                     
                                    
                                    
                                    
                                   