"Пирамида" телеканалынын структурасы өзгөрөт
Новость design.kg

“Пирамида” эми мамлекеттик расмий маалымат менен камсыз кылуучу канал болот. Бул каналда, бийлик бутактарынын, мамлекеттик органдар менен мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип турат. Бул туурасында каналдын жетекчиси Марианна Логачева-Шермур маалымат жыйынында билдирди.

Кийинки аптадан тартып, телеканал эртең мененки тогуздан кечки алтыга чейин иштейт. 1991-жылы Кыргызстанда туңгуч көз карандысыз телеканал катары таанылган "Пирамида", 2010-жылы улутташтырылган. Телеканалда учурда 66 кызматкер эмгектенет.

 Азыркы тапта телеканалдын структурасы менен мазмуну кандай өзгөрөөрү туурасында иштер жүрүп жаткандыгын айткан жетекчи, телеканал Жогорку Кеңештин гана эмес, өкмөттүн, президенттин ишмердигин дагы чагылдыраарын билдирди.