Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко венесуэлалык Жулианна Пенья менен UFC турниринин алкагында беттешип, атаандашын жеңип алды. Бул тууралуу турнирдин расмий сайтында маалымдалды. POST1RIGHT
Беттеш 28-январда АКШнын Колорадо штатындагы Денвер шаарында өттү. Шевченко UFC алкагында үчүнчү жеңишине ээ болду. Эми ал атактуу спортчу Амандо Нуньез менен чемпиондук титул үчүн беттешет. Шевченко былтыр Нуньезге UFC 196 турниринин алкагында упай жагынан утулуп калган.