Парламенттин кечээги отурумунда кайсы маалымат каражаттары чет элдик мамлекеттер тарабынан каржыланаары талкууга алынды. КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев - тигил же бул массалык маалымат каражатынын артында ким туруп, каяктан каржыланып жаткандыгын иликтөө боюнча тармактык комитетке тапшырма берүү сунушу менен төрага Асылбек Жээнбековго кайрылды.
Эл өкүлү өз сөзүндө - муну менен сөз эркиндигине доо кетирүү же журналисттин ишине тоскоолдук кылууну көздөбөй тургандыгын белгилеп өттү. Ал - бул маалымат ар бир жаран үчүн белгилүү болуусу керек, себеби өлкөнүн маалыматтык коопсуздугу ушундан көз каранды, - деген пикирде.