Казакстандык белгилүү продюсери Баян Максат кызы (Есентаева) турмушка чыгаары тууралуу өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.
Баян айымдын жүрөгүн багындырган мырза, бизнесмен Турсынгали Алагузов. Таланттуу айымдын колун сураган мырза дени сак жашоону, кайрымдуулук иштерди жасаганды жактырат.
Белгилей кетсек, Баян Эсентаеванын эки кызы, ал эми бизнесмендин бир кызы жана уулу бар. Сүйүктүүсүн таап бактылуулукту самаган Баян айымдын күйөрмандары, үйлөнүү үлпөт той качан болоорун күтүшүүдө.